Бекназаровдун кайсы иши боюнча суракка чакырылганы белгилүү болду

Бекназаровдун кайсы иши боюнча суракка чакырылганы белгилүү болду

17-январда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров Башкы прокуратуранын имаратында суракка алынды. Бул маалыматты Reporter.kg′ге аталган көзөмөл органынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, Бекназаров 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берген.

Бул кылмыш иши боюнча буга чейин Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү Бектур Асанов, Өмүрбек Текебаев, Кеңешбек Дүйшөбаевдер суракка алынганы айтылды.

16-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча тергөө иштери жанданды деген маалымат тараткан.

«Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2021-жылдын 15-апрелинде УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылды. 2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө кайгылуу кесепеттерге алып келген себептердин бири болгон белгилүү Кадыржан Батыровдун өлкөдөн тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгып кетишине көмөктөшүү фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына карата козголгон», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул кылмыш иши боюнча буга чейин Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү Бектур Асанов, Өмүрбек Текебаев, Кеңешбек Дүйшөбаевдер суракка алынганы айтылды.

— Анда өлкөнү Убактылуу өкмөттүн башчысы жана өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева башкарган;

— Темир Сариев анын финансы боюнча орун басары болуп дайындалган;

– Экономикалык маселелер боюнча орун басары – Алмазбек Атамбаев;

— Конституциялык реформа боюнча орун басары — Өмүрбек Текебаев;

— Башкы прокуратура жана каржы полициясы боюнча орун басары – Азимбек Беканазаров (азыркы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси);

— Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси — Эмилбек Каптагаев.

Андан кийин Болотбек Шерниязов Ички иштер министрлигин, УКМКны – Кеңешбек Дүйшебаев жетектеген;

Саламаттык сактоо министрлиги — Дамира Ниязалиева; Коргоо министрлигинде Исмаил Исаков, Маданият министрлигинде Рыскелди Момбеков ( Жогорку Кеңештин депутатыгына талапкер), Тышкы иштер министрлигинде Руслан Казакбаев (азыр бул бөлүмдү дагы жетектейт), Юстиция министрлигинде Аида Салянова ж.б.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>