Аблязов Казакстанда бийликти алмаштырууну көздөгөн

Аблязов Казакстанда бийликти алмаштырууну көздөгөн

Качкын банкир Мухтар Аблязов Казакстанда бийликти алмаштыруу планын иштеп чыгып, Батыштан жардам сураган. Бул туурасында  Францияда жашаган казакстандык качкын банкир Мухтар Аблязов РИА Новостиге берген маегинде билдирген.

Ал  Казакстанда бийликти алмаштыруу үчүн атайын планын иштеп чыкканын, өлкөнүн премьер-министри болгусу келерин жана Батыштан жардам суроо ниети бар экенин билдирди.

«Биз режимди алмаштыруу боюнча атайын план иштеп чыктык. Мен өлкөмө келип,  Казакстандын Убактылуу өкмөтүн алты айга башкарам. Андан кийин шайлоо жарыяланат. Эгерде бул шайлоодо биздин партия жеңсе, анда легитимдүү премьер-министр болом. Президенттик кызмат болбойт. Бул кызматты жоюп жатабыз», — деди ал.

Финансисттин айтымында, ал 2004-жылы бизнес-өнөктөш Ержан Татишевди өлтүргөн деп сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган болсо да, республикага кайтып келүүнү пландап жатат. Бул жакынкы аралыкта болоорун четке каккан жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>