Көк-Жарда мыйзамсыз үйлөрдү курууга байланыштуу мурдагы айыл өкмөт башчы кармалдыШарт түзмөйүнчө эч нерсеге тыюу сала албайбыз — Мэр тыгын маселесин талкууладыКөңүл буруңуздар! 21-октябрда “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” конуштарында суу өчүрүлөтБишкек мэри шаарда метро курулабы деген суроого жооп бердиЭнергетика министрлиги: “Кемин” көмөк чордону ноябрга чейин толук даяр болотБаңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи
Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушу качан бүтөрү айтылды
27.07.2022 | 12:38
Бишкек – Кара-Балта жолунун курулуш иштери быйыл ноябрь айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлдагы маалымат жыйында транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев билдирди.
Анын айтымында, жолдун негизги бөлүгүнүн курулушу бүткөрүлүп, үнөмдөлгөн каражатка 7,5 чакырымына асфальт төшөлүп жатат.
Белгилей кетсек, жыл башында Транспорт министрлиги Бишкек – Кара-Балта жолу келерки жылы бүтөрүн билдирген. Ага чейин бул жол 2020-жылы бүтөт деп айтылган.
Ал эми курулуш иштер 2017-жылы жаз айларында башталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом