“Эл кызматында 500 күн”: Жапаровдун президенттиги боюнча гезит чыкты

“Эл кызматында 500 күн”: Жапаровдун президенттиги боюнча гезит чыкты

Садыр Жапаров президенттик кызматта турган 500 күн боюнча гезиттин атайын саны басылды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, “Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы жана 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган “Эл кызматында 500 күн” аталышындагы гезиттин атайын чыгарылышын аймактарга таркатууга киришти.

Гезит жалпысынан 500 миң нускада “Учкун” ААК басмаканасында басылып чыкты (400 миңи мамлекеттик, 100 миңи расмий тилде). Атайын чыгарылыш үч республикалык гезит – “Эркин-Тоо”, “Кыргыз-Туусу” жана “Слово Кыргызстана” тарабынан даярдалды.

Анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана алардын динамикасы, статистикалык маалыматтар келтирилет.

Алсак, “Бюджеттин көбөйтүлүшү”, “Кумтөр кенинин Кыргызстанга кайтарылышы”, “Социалдык тармактагы жөлөк пулдардын жогорулоосу” өңдүү темалар камтылган.

Ошондой эле, өлкө тургундарынын акыркы мезгилдеги өзгөрүүлөргө карата пикирлерине да орун берилген. Атайын чыгарылыштын саны чектелүү экенин эске алып, “Кыргыз почтасы” ААК кызматкерлери басылманы биринчи кезекте аймактардагы турак-үйлөргө таратышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>