Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров сыйлыкка ээ болду

16.12.2022 | 00:11

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровго  Ч.Айтматов атындагы медаль ыйгарылды. Аны калаа башчысына берүү  үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбековго тапшырышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, 13-декабрда Гапар Айтиев атындагы Мамлекеттик улуттук көркөм сүрөт музейинде “Дух Божий” көркөм композициясын тапшыруу аземи болуп өттү.

Композицияны «Ч.Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму» коомдук бирикмесинин президенти» Аскар Айтматов жана «Дубровин Иван Дубровин» куюучу үйүнүн ээси тартуулашты.  Скультуралык композицияны  Уралдын белгилүү сүрөтчү-скульптору Александр Самвел жасаган.

Иш-чаранын алкагында номинанттарга Ч.Айтматов атындагы медалдарды тапшыруу аземи да өттү.

Белгилей кетсек, 150 медалды чыгаруунун демилгечиси Иван Дубровин болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top