Кыргызстанда кайрадан ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү сунушталуудаКайрат Турсункулов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалдыНарындагы фермерлер үчүн эт багытында төө багуу жаңы бизнеске айландыБаткенде 143 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулуудаКыргызстанга инвестиция: Түркия негизги инвесторлордун арасында үчүнчү орунга чыктыМаданият министрлиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү
Бишкек – Ош жолун туман басты, Төө-Ашууда кар жаап жатат (видео)
26.10.2023 | 14:35
Бүгүн, 26-октябрда Бишкек – Ош жолунун 134-чакырымдарында кар жаап, жолду туман басты. Ошондой эле Төө-Ашуу ашуусунда да кар жаап жатат. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Чүйдүн жол милициясы «Бишкек-Ош» унаа жолуна сапарга чыккан айдоочуларга унаасынын жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу, алдыда бараткан унаа менен болгон аралыкты сактоо жана карама-каршы тилкеге чыкпай айдоо керектигин эскертет.
Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өздүк курамы Бишкек — Ош унаа жолунда кызмат өтөөдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом