Боом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелетБишкекте соцмекемелердин дээрлик бардыгы, ал эми турак үйлөрдүн 77–80%ы жылуулукка кошулдуАла-Арча суу сактагычынын жанынан жырткыч куштарды мыйзамсыз кармагандар аныкталдыКасымалиев чек ара жаңжалынан жабыркагандардын турак жай маселелерин толук чечүүнү тапшырдыКазакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келдиКыргызстанда тогуз айда жол кырсыктарынан 572 адам каза болду, анын 88и жаш балдар
Милиция: Балыкчыда тургунду 3 млн сомго алдап кеткен кримтөбөл кармалды (видео)
26.10.2023 | 14:08
Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында алдамчылыкка шектелип кримтөбөл кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин Балыкчынын милициясына бир жаран кайрылып, аны алдап кетип, 3 млн сомдон ашык зыян келтирген адамга чара көрүүнү суранган.
Аталган окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, милиция жана УКМК кызматкерлери тарабынан шектүү катары 49 жаштагы Б.Б. аттуу жаран кармалган.
Милициянын маалыматы боюнча, кармалган жаран – кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышы бар адам, алардын идеологиясын карманат. Ошондой эле ал Балыкчы шаарынын кримтөбөлү экени маалым.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.Учурда тергөө амалдары уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз