Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын орусиялык институт иштеп чыгат

Мэрияда Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын иштеп чыгуу маселеси боюнча жыйналыш өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын башкы планы Орусиянын Шаар куруу илимий-изилдөө институту тарабынан иштелип чыгат.
Учурда аталган институттун адистери социалдык, транспорт, экономикалык, жер жана мүлктүк блоктору, ошондой эле экология, архитектура жана инженердик инфраструктура жаатындагы маалыматтарды чогултуп жатышат.
“Шаар куруу илимий-изилдөө институту Орусиянын алдыңкы долбоорлоо-архитектуралык борбору жана аймактык пландоо, шаар куруу жана аймактык пландоо жаатында лидер болуп саналат. Ал 700дөн ашык бекитилген шаар куруу долбоорлорун, ошондой эле Орусиянын аймагында көп сменалык шаар куруу документтерин даярдаган”,- деп билдирди мэрия.
Мэриянын маалыматында, шаар тургундары Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгууда натыйжалуу чечимдерди табууга багытталган социалдык жана транспорттук сурамжылоого катыша алышат. Сурамжылоо Бишкектин башкы планынын расмий сайтында жайгаштырылган: https://genplanbishkeka.com/.