КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Чүйдүн айылында үйлөрдү тоноп жүргөн жигиттер байкоо камерасына түшүп калган
10.09.2025 | 13:42
Милиция кызматкерлери тарабынан бир нече үйдө уурулук жасоого шектелип үч жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Чүй облусунун Кожомкул айылында жергиликтүү тургундардын үйлөрүнөн акча, зер буюмдар жана башка баалуу мүлктөр уурдалган бир нече учур катталган. Бардык фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Уурулук» беренеси менен кылмыш иштери козголгон. Мындан тышкары, шектүүлөр уурулук учурунда байкоо камераларына түшүп калган.
Укук коргоо кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн такташкан. Алар 25 жаштагы К.Б., 21 жаштагы А.К. жана 20 жаштагы М.А. экени аныкталып, камакка алынышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө алардын алты уурулук фактысына катыштыгы бар экени белгилүү болду. Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар


