Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусуКыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти«Ала-Арча» паркына курулган жаңы асма жол расмий түрдө ачылдыБишкек Брюсселдин бутасында: Евробиримдик Кыргызстанга санкция киргизиши мүмкүнбү?
Бишкекке АКШнын мамкатчысынын жардамчысы келди
07.10.2022 | 14:52
АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Трюдо Кыргызстанга келди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
Анда Элизабет Трюдонун сапары басма сөз эркиндигин, гендерлик теңчиликти жана инклюзивдик экономикалык өнүгүүнү колдоого багытталганы айтылат.
Трюдо Бишкек сапарынын алдында Өзбекстанда болгон.
Буга чейин Human Rights Watch (HRW) өңдүү эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына тынчсыздануусун билдирген. Анда соңку кездери кыргыз бийлиги журналисттерге, эркин медиага карата куугунтукту күчөткөнү айтылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом