Караколдо эки аял киши колдуу болду. Милициянын соңку маалыматы  

Караколдо эки аял киши колдуу болду. Милициянын соңку маалыматы  

Каракол шаарында эки аялдын бычактап өлтүрүлүшү боюнча иликтөө иштери уланууда. Бул тууралуу Reporter.kg′ге Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эки аялдын өлүмүнө шектүү делип кармалган адам соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Учурда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.

Буга чейин маалымдалгандай, Каракол шаарындагы батирден эки аялдын киши колдуу болгон жансыз денеси табылган.

Аялдардын денесин кароодо бир нече жолу бычактан алган жаракаттары табылган. Ошондой эле аялдардын өздүгү такталып, алар Каракол шаарынын тургундары, 1965-жылы туулган К.Г. жана 1966-жылы туулган К.С. экендиги такталган. Окуя болгон жерден канга окшош кызыл түстөгү издери бар жыгач сабы бар стол бычагы табылган.

Аталган факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон Каракол шаарынын 1978-жылы туулган Ч.У аттуу тургуну кармалган.

Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда балкондон жапайы кара куурайдын өзгөчө жыты бар баңгизат табылган. Бул факты боюнча кылмышка шектүүгө 1-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) жана ушул берененин негизинде кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>