Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы келет

Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы келет

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Трюдо Кыргызстанга келет. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө айтылат.

Элизабет Трюдо 28-сентябрдан 9-октябрга чейин Непал, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан жана Кыргызстанды кыдырат. Анын бул сапарынын алкагында «Россия жана Кытай тарабынан бурмаланган маалыматка каршы аракет көрүү, АКШнын Ооганстан элин колдоо, социалдык жактан теңдик, ММКлардын эркиндиги жана климат» маселелери талууланат.

Ал эми Кыргызстанда Трюдо чинокниктер, журналист, бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери жана социалдык тармактардагы белгилүү адамдар менен жолугушат.

«Ал эркин басма сөздүн маанилүүлүгү, АКШ бийлигинин көз карандысыз ММКлардын кесипкөйлүгүн арттыруу жана бекемдөө маселелерин талкуулайт», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Элизабет Трюдо АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын милдетин аткаруучу катары коомчулук менен байланыш жана маалыматтык саясат тармагын карайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>