Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Бишкекке Сауд Аравиядан Кыргызстандын жарандары учуп келди
01.07.2020 | 12:32
Бүгүн, 1-июлда “Манас” эл аралык аэропорту «Flynas» авиакомпаниясынын «Даммам-Бишкек» маршрутунун чартердик каттамын тосуп алды. Анда Кыргызстандын 121 жараны мекенине кайтып келди, алардын көпчүлүгү окуу жайларда окуган студенттер. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Аталган авиакаттам менен Сауд Аравиясынан Казакстандын 39 жараны да учуп келип, алар “Манас” аэропортунан Казакстанга атайын транспорт менен жеткирилди.
Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтууну каалаган жарандарды Кыргыз өлкөсүнө алып келүү боюнча иштер уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом