НТРК «УТРК Музыка» каналына айрым клиптердин кабыл алынбашын түшүндүрдүНарында айдоочу каршы тилкеге чыгып, эки кишини сүзүп кеттиЭтникалык кыргыздар болгон чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилдиАдылбек Касымалиев Казакстанга болгон жумушчу сапарын жыйынтыктады. Эмнелер тууралуу сөз болду?Маркировкасы жок болгондуктан Казакстандан келген 25 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокКыргызстанда 2026-жылкы балык уулоо сезону расмий ачылды
Бишкекте 15 жаштагы баланы урган адам кармалды (видео)
20.04.2024 | 19:38
Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм баланы урган адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга 19-апрелде аял киши кайрылган. Ал билдиргендей, анын 2009-жылы туулган баласын бир адам эч себепсиз урган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, соттук-медицинадык эктпертиза дайындалган.
Бул ишке шектүү катары 33 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Милиция өспүрүмдөргө зомбулук көрсөткөн адамдар жазага тартыларын эскертет.