Оштогу чиновниктен 1 млн сом жана 500 миң $ талап кылган УКТнын мүчөлөрү кармалды

Оштогу чиновниктен 1 млн сом жана 500 миң $ талап кылган УКТнын мүчөлөрү кармалды

Опузалап акча талап кылган  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 19-апрелде Ички иштер министрлигин Тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош облусунун жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бийлигинин жетекчилеринен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү  1 000 000 сом жана 500 000 АКШ долларын опузалап талап кылышканы аныкталган.

Алар К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу  тобунун мүчөлөрү  1973- жылы туулган Ч.А. жана 1981-жылы туулган И.Э. кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

20-апрелде тергөө тарабынан К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу  тобунун мүчөлөрүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш иши  боюнча  айыбы угузулуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктаган мөөнөткө чейин камакка алынышты.

Кылмыш иши боюнча, кылмышка катыштыгы бар дагы башка К.Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн тактоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>