«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Бишкекте 23 жаштагы кызды ала качкан топ кармалды
01.05.2023 | 23:55
Бишкектен кыз ала качты делген жигиттин унаасы токтотулуп, айып аянтчасына киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганла, 1-майда саат 00:03 чамаларында Бишкек шаарынан 25 жаштагы Н.уулу А. “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унаасы менен 23 жаштагы К.А. аттуу кызды ала качып кеткен деген маалымат түшкөн.
Анын негизинде саат 00:20 чамаларында Ысык-Ата райондук милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унааны токтотуп, Бишкек шаарынын Ленинин райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүп берген. Унаа айып аянтчасына киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом