2-майга карата аба ырайы

2-майга карата аба ырайы
(Сүрөт: В. Ушаков)

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар, Ош облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Таласта кар жаайт. Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +6…+11

күндүз +16…+21

Талас облусу

түнкүсүн +6…+11

күндүз +16…+21

Баткен облусу

түнкүсүн +9…+14

күндүз +23…+28

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +9…+14

күндүз +23…+28

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +2…+7

күндүз +10…+15

Нарын облусу

түнкүсүн +1…+6

күндүз +12…+17

Бишкек шаарында ала булут каптап турат, түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 7…9, күндүзгү жогорку температурасы 18…20. болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>