Бишкекте 7 мектептин окуучулары үчүн эки автобус каттай баштайт

15.11.2022 | 12:08

Бишкекте мектеп окуучулары үчүн автобусттар каттай баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда маалымат жыйында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, бул долбоор сынак иретинде үч айга 5-7 мектепте ишке ашырылып, бул багытта Schoolbus ЖЧКсы иштейт.

“Бул долбоор болжол менен келерки жылдын январь айына чейин иштейт. Анын себеби, бул долбоор өзүн актайбы билишибиз керек. Бир-эки күндө автобустардын каттамын түзүп беребиз. Биринчи этапта ISUZU үлгүсүндөгү 2 автобус болот. Долбоор ийгиликтүү болсо, мектеп окуучуларын ташыган атайын автобустар сатып алынат”, – деди ал.

Ал белгилегендей, учурда мектеп директорлору, ата-энелер комитети Schoolbus ЖЧКсынын жетекчилиги менен жол кире акысы канча болору тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top