Бишкекте жол кире качан көтөрүлөрү белгисиз

Бишкекте жол кире качан көтөрүлөрү белгисиз

Бишкек шаарында коомдук транспорттогу жол кире акысы качан көтөрүлөрүн так айтууга болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда маалымат жыйында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Ал белгилегендей, учурда жол кирени көтөрүү тууралуу айтуу эрте.

«Ал Транспорт департаменти демилгелеген  токтом долбоору гана. Экономика министрлигги тарабынан колдоо тапса, бул маселе Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизилет.  Шаардык кеңеш ал маселени бир айга коомдук талкууга чыгарат. Коомдук талкуу учурунда ар бир жаран өз сунушун, каршылыгын калтыра алат. Менимче биздин депутаттар ар бир сунушту көңүл сыртында калтырбай, карап чыгат. Азыр анын баары канча убакытты аларын так айтууга болбойт», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти жол кире акысын көтөрүү боюнча экономикалык эсептөөлөр даярдап, Экономика министрлигине берген. Учурда ал документ министрликтин кароосунда турат.

Кечки тариф 32 сом. Бишкекте жол кире көтөрүлүшү мүмкүн

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>