Бишкекте 7 мектептин окуучулары үчүн эки автобус каттай баштайт

Бишкекте 7 мектептин окуучулары үчүн эки автобус каттай баштайт

Бишкекте мектеп окуучулары үчүн автобусттар каттай баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда маалымат жыйында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, бул долбоор сынак иретинде үч айга 5-7 мектепте ишке ашырылып, бул багытта Schoolbus ЖЧКсы иштейт.

«Бул долбоор болжол менен келерки жылдын январь айына чейин иштейт. Анын себеби, бул долбоор өзүн актайбы билишибиз керек. Бир-эки күндө автобустардын каттамын түзүп беребиз. Биринчи этапта ISUZU үлгүсүндөгү 2 автобус болот. Долбоор ийгиликтүү болсо, мектеп окуучуларын ташыган атайын автобустар сатып алынат», — деди ал.

Ал белгилегендей, учурда мектеп директорлору, ата-энелер комитети Schoolbus ЖЧКсынын жетекчилиги менен жол кире акысы канча болору тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>