Ошто далилдерди бурмалоого шектелип, милиция кызматкерлери кармалдыСалык кызматы турак эмес мүлккө салык төлөөнүн мөөнөттөрүн эскерттиТажикстан Россияга айыл чарба экспортун көбөйтүүдө: Кыргызстанга жеткирүүлөр минималдуу бойдон калуудаЕАЭБде мунай жана газдын бирдиктүү рынокторун түзүү талкууланды: 2030-жылга чейинки пландарТокмокто аял жарандык никедеги жолдошун өлтүрүүгө шектелип кармалдыБишкек мэри борбор калаанын борборундагы курулуштар бузулган жерге курула турган фонтандардын долбоорун көрсөттү
Бишкекте “Ала-Тоо” аянты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт
12.04.2024 | 11:03
Бишкекте “Ала-Тоо” аянты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда реконструкциялоонун эскиздик долбоору “Бишкекбашкыархитектура” ишканасы тарабынан дээрлик даярдалып бүттү. Жакынкы арада аянтта оңдоп-түзөө иштери башталат. Ага байланыштуу коомдук жайлар, Эмгек Даңкы, Достук скверлери, Таттыбүбү Турсунбаева жана эл достугу монументи, анын ичинде “Ала-Тоо” аянтындагы жөө жүргүнчүлөр баскан жерлер убактылуу жабылат.
Мэрия жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом