“Орустардын кылы кыйшайбайт”. Акылбек Жапаров “Мир” картасы тууралуу айтты

“Орустардын кылы кыйшайбайт”. Акылбек Жапаров “Мир” картасы тууралуу айтты

Орусиянын банктык “Мир” картасынын иштеп турганы орустарга эмес Кыргызстанга көбүрөөк керек эле. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал “Мир” картасынын Кыргызстандын аймагында Банктар аралык процессинг борбору токтотконун белгиледи.

“Биз тейлөө токтотулгандан кийин билип калдык. Себеби МПЦ ( Банктар аралык процессинг борбору — ред.) өкмөткө карабайт, аны коммерциялык банктар көзөмөлдөйт. Улуттук банкты да угушпайт экен. Коммерциялык банктар МПЦнын 54 пайыздан ашык үлүшүнө кожоюндук кылышат экен. Балким алар санкцияга түшүп калбайлы деп чочулашса керек”, — дейт ал.

Ал Орусиянын төлөм картасы мигранттар үчүн ыңгайлуу экенин айтты.

“Ал карта көбүнчө бизге пайда алып келет эле. “Мир” картасын өчүргөн үчүн Россиянын кылы да кыйшайбайт. Россияда биздин бир миллиондон ашуун жарандарыбыз бар. Алардын баары “Мир” картасын колдонушчу”, — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>