11-ноябрь: Көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорго кар жаайтБаткенде сел каналынын курулушу жай жүрүүдө. Тургундар кооптонуп, президентке кайрылыштыКыргызстан менен Беларусь Минскиде алты кызматташтык документине кол коюштуБишкекте сүрөтчү Асаналы Бейшеновдун жеке көргөзмөсү ачылатСадыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз бердиКасымалиев 14 жаштагы Амирдин өлүмүнүн жагдайларын текшерүүнү тапшырды
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Ислам аман-эсен табылды
12.04.2024 | 11:17
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Ислам Мамырканов аман-эсен табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, баланын апасы 9-апрелде милицияга арыз менен кайрылган. Ал уулу 8-апрелде болжол менен саат 13:00до Бишкектин Аламедин-1 кичи районундагы үйүнөн чыккан бойдон кайра келбегенин айтып, аны табууга жардам сураган.
Өспүрүм бала 11-апрелде аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Ошондой эле баланын ата-энеси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом