Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
22.06.2022 | 17:17
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«2020-жылдын 27-ноябрында жабырлануучу милицияга кайрылып, 20-ноябрда кол салган адам андан Mercedes Benz 221 үлгүсүндөгү унаасын 10 000 долларга ижарага алып, үчүнчү жактарга сатканын айткан», – деп айтылат маалыматта.
Дээрлик эки жылдан кийин тергөөчүлөр шектүүнү таап, кармоого жетишкен. Кармалган 23 жаштагы жаран Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого тиешеси болушу мүмкүн деп эсептейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар