Жарым жылда айыл чарбасын жана ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандарКыргызстандын 20 мамлекеттик кызматкери Жапонияда жогорку билим алатКазакстандын Коргоо министрлиги казакстандыктарды аскердик техниканын кыймылы тууралуу эскерттиТИМ: Түндүк Кипрде жабыркаган кыргызстандыкка кайрадан операция жасалатКыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн армиялары арасында ок атуу боюнча чемпионат башталды
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
22.06.2022 | 17:17
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«2020-жылдын 27-ноябрында жабырлануучу милицияга кайрылып, 20-ноябрда кол салган адам андан Mercedes Benz 221 үлгүсүндөгү унаасын 10 000 долларга ижарага алып, үчүнчү жактарга сатканын айткан», – деп айтылат маалыматта.
Дээрлик эки жылдан кийин тергөөчүлөр шектүүнү таап, кармоого жетишкен. Кармалган 23 жаштагы жаран Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого тиешеси болушу мүмкүн деп эсептейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар