Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу Жалал-Абадда 100дөй үй көчүрүлөтСадыр Жапаров Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы Чжао Лэцзи менен жолугуштуVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы жана жабылышы Бишкектеги жаңы стадиондо өтөтКытай парламентинин төрагасы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу менен тааныштыСалык кызматынын төрагасы «Кока-Кола» заводуна бардыУКМК: «Таластын смотрящий баласы» видеосундагы жаран кылмыштуу топко тиешеси жок
Бишкекте автобустагы текшерүүчүгө кол салган адам айыпка жыгылды (видео)
06.02.2024 | 11:24
Бишкекте автобустагы текшерүүчүгө кол салган жүргүнчү кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга жүргүнчү автобуста билет, карталарды текшерген кызматкерге кол салганы тартылган видео тараган. Жергиликтүү ММКлар жазгандай, кол салган жүргүнчү башка бир пенсионердин картасын колдонуп жүргөн. Текшерүүчү андан картасын алууга аракет кылганда, жүргүнчү ага кол салган. Андан кийин качып кеткен.
Бул окуяга байланыштуу 63 жаштагы Л.К. аттуу жаран кармалып, милицияга жеткирилген. Ага “майда бейбаштык” беренеси боюнча 5,5 миң сом айыппул салынган. Ошондой эле ал менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.