Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Бишкекте автобустун айдоочусуна кол салган 60 жаштагы аял кармалды
05.08.2025 | 18:17

Бишкекте коомдук транспорттун айдоочусуна кол салган аялдардын бири милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 60 жаштагы аялга карата “Майда бейбаштык” беренеси боюнча административдик протокол түзүлүп, иштин материалдары сотко өткөрүлгөн.
Ал эми айдоочуну сабаганы айтылган 34 жаштагы экинчи аял учурда шаарда жок экени белгилүү болду. Милиция анын Бишкекке келери менен суракка алынарын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар