Бишкекте балдардын реабилитациялык борборунун курулушуна капсула салынды

Бишкекте балдардын реабилитациялык борборунун курулушуна капсула салынды

Бишкекте балдардын реабилитациялык борборунун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12 жылдан бери ал жер өрттөн кийин иштебей турган.

«Биз реабилитациялык борбор курууну көптөн бери пландаштырганбыз. Ал балдар үчүн жакшы жөлөк болуп, алардын көбүнө сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө жардам берерине ишенем», — деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Кабинет президенттин аппаратына караштуу «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы объектинин буйрутмачысы экенин белгиледи. Жер тилкесинин аянты 1892 чарчы метр (0,1892 га), имарат (долбоор боюнча) 1728 чарчы метр, курулуш аянты 508 чарчы метр. Объекттин курулушун 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Эске салсак, реабилитациялык борбор мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Жибек Жолу проспектисинин 519 жана 521 даректеринде жайгашкан үйлөрүнүн ордуна курулат. Имараттар буга чейин бузулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>