Депутат Атамбаев камактагы Фарид Ниязовдун абалына кабатыр

Депутат Атамбаев камактагы Фарид Ниязовдун абалына кабатыр

Бүгүн, 15-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеид Атамбаев камактагы Фарид Ниязовдун ден соолугу боюнча маселе көтөрдү.

Анын айтымында, камакта жатып комага түшкөндөн кийин каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевге гипертониялык оорунун 2-даражасы деген диазгноз коюлса, камактагы Фарид Ниязовго гипертониялык оорунун 3-даражасы деген диагноз коюлган.

“Фарид Ниязов 3 жылдан бери абакта. Анын ден соолугуна көңүл буруп, жардам берип коюшуңарды өтүнөм. Мисалы, камакта Туйгунаалы Абдраимов деле бар. Анын жакында эле операция болгонун уктум. Күчүбүз чалдарга эле жетет. Көнүл бурушуңарды суранам”, — деди ал.

Өз кезегинде Кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин же жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков:  “Бизге диагноздун көчүрмөлөрү келгенден кийин СИЗОнун жетекчилигине кат жолдогонбуз. Тилекке каршы, каттын жыйынтыгы чыкканга чейин ал киши (ред. Марат Казакпаев) өтүп кетти. Биз бир гана аты чыккан саясатчылар боюнча эмес, жөнөкөй жарандар боюнча дагы кайрылып келебиз”, — деп жооп берди.

Фрид Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынып, 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялар учурунда бошонгон. Бирок кийин кайра камалып, ага ошол эле жылдын 9-10-октябрындагы окуяларга байланыштуу да айып тагылган. Ниязов “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүү боюнча козголгон кылмыш ишинде да шектүү катары өтүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>