Индия, Пакистандан келген студенттерге кыйноолор болгонбу?

Индия, Пакистандан келген студенттерге кыйноолор болгонбу?

Бүгүн, 15-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев Кыргызстандагы чет элдик жарандардын укугун коргоо боюнча маселе көтөрдү.

“Укук коргоо органдары тарабынан Индия, Бангладеш жана Пакистандан келген студенттердин укугун коргоо боюнча кандай иштер жүрүп жатат? Акыркы убакта кармоо учурлары болгонбу? Камакта аларга кыйноолор болгону боюнча учурлар кездешкенби?”, — деп сурады.

Өз кезегинде Кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин же жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков чет элдик жарандарга карата кыйноолор болгон эместигин билдирди.

“Биз камактагы адамдардын жарандыгына, улутуна же этникасына басым жасабайбыз. Бизге түшкөн билдирүүлөрдүн баарына бирдей  реакция кылабыз. Буга чейин камактагы чет элдик жарандардан кыйноолор боюнча бизге даттануулар түшкөн эмес”, — деди ал.

Ошондой эле, ал Франциянын бир жараны камакта экенин айтып, аны текшерүү учурунда ал тараптан кыйноолор боюнча даттануулар болгон эместигин жана Түштүк Кореянын жараны дагы кармоо шартына арызданбаганын билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>