Кайда экенин билебиз, бирок жетүү мүмкүн эмес: Тоолор Наталья Наговицинаны коё берген жокКыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жеттиБишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылдыБыйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттүКыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салындыБишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгын
Бишкекте банктык картаны уурдап, андагы акчаны коротуп салган шектүүлөр кармалды
14.11.2023 | 11:16
Бишкекте уурулук кылууга шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 23-октябрга караган түнү болжол менен саат 02:00до белгисиз адамдар “Хонда Фит” унаасынын эшигинин кулпун бузуп, унаанын ичиндеги банктык картаны уурдап кетишкен. Андан кийин картадагы 20 миң 700 сом акчаны коротуп салышкан. Ошол эле күнү бул боюнча картасын уурдаткан адам милицияга кайрылган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин (205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы А.С., 24 жаштагы Т.С. жана 23 жаштагы Ж.Э. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз