Бишкек шаарынын аймагында 27-майдан 2-июнга чейин жалпысынан 5128 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.
Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен:
— унааны мас абалында айдоо — 54;
— караңгылатылган терезелер менен башкаруу — 3;
— айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражатын айдоо — 33;
— жөө жүргүнчүнүн, велосипедчендин жол эрежесин бузуусу — 532;
— мотоциклдин каскасын же коопсуздук курун колдонуу эрежелерин бузуу — 1068;
— башка бузуулар — 2994;
Айып токтотуучу жайга 444 унаа жеткирилген.
Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы жолдо жүрүү эрежелерин так сактоону суранат.