Үй-бүлөлүк зомбулук: Депутат мыйзамды күчөтүүнү сунуштады

Үй-бүлөлүк зомбулук: Депутат мыйзамды күчөтүүнү сунуштады

Бишкек шаарында 3-июнда “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулаган отурум болду.

Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, талкууга коомчулуктун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана адистер катышты.

Талкуунун жүрүшүндө юристтер үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөргө кеңири талдоо жасашты.

Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн демилгечиси Динара Ашимова аялдар мамлекет тарабынан колдоо таппай, коомдун кысымына, жакындарынын манипуляциясына кабылып, каржылык мүмкүнчүлүгү жок калып жатканын белгиледи. Депутаттын айтымында, аталган жагдайлар мыйзам долбоорун демилгелөөнүн негизги себептеринин бири.

“Укук коргоо органдары аялдарды жана балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча иш алып барууда, бирок азыр кризиске кабылган аялдарга мындан ары системалуу мамлекеттик колдоо керек”, — деди депутат.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен отурум аялдар менен кыздардын укуктарын коргоо жаатындагы маселелерди кеңири талкуулоого мүмкүнчүлүк түзгөнүн белгилеп, мыйзам долбоору коомдук уюмдардын, эл аралык жана мамлекеттик органдардын эксперттеринин арасында кеңири талкууланып жатканын билдирди.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: зомбулук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>