«CYBERNOMAD FEST 2026»: Бишкекте улуттук кибермашыгуулар башталдыИюль айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 279,5 млн доллар акча которулганКыргызстан менен Беларусь жарандарын 30 күнгө каттоодон бошототКыргызстандын Каржы министрлиги АКШдагы ири финансылык ишкана StoneX Group менен кызматташатКыргызстанда студенттерге стипендия төлөп, авиакаттамдарын каржылоо сунушталуудаКыргызстандагы оң өзгөрүүлөр үчүн Садыр Жапаров Америка-Кыргыз бизнес кеңеши тарабынан сыйланды
Бишкекте бир аптада 54 мас айдоочу кармалды
06.06.2022 | 13:06
Бишкек шаарынын аймагында 27-майдан 2-июнга чейин жалпысынан 5128 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.
Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен:
– унааны мас абалында айдоо – 54;
– караңгылатылган терезелер менен башкаруу – 3;
– айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражатын айдоо – 33;
– жөө жүргүнчүнүн, велосипедчендин жол эрежесин бузуусу – 532;
– мотоциклдин каскасын же коопсуздук курун колдонуу эрежелерин бузуу – 1068;
– башка бузуулар – 2994;
Айып токтотуучу жайга 444 унаа жеткирилген.
Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы жолдо жүрүү эрежелерин так сактоону суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом