Бишкекте бир нече унааны уурдаган жаш балдар Таш-Көмүрдөн кармалды – видео

Бишкекте бир нече унааны уурдаган жаш балдар Таш-Көмүрдөн кармалды – видео

Бир нече унааны уурдап качкан жашы жете элек өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, 6-ноябрь күнү Бишкектеги кичи райондордун биринен «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унаасын уурдаткан жаран милицияга кайрылган. Ушундай эле арыз менен башка жабырлануучулардан дагы арыз түшкөн.

Кылмыштын бетин ачуу максатында, кызматкерлер бир нече божомолдордун үстүндө иштеп, шектүүлөрдүн жүргөн жерин аныкташкан.

Уурдалып бара жаткан автоунаа менен шектүүлөр Бишкек-Ош жолу менен бара жаткандыгы аныкталып, шектүүлөр Таш-Көмүр шаарынан кармалган.

Криминалдык милициянын маалыматына ылайык,  кармалгандар Бишкек шаарынын аймагында «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунааларды уурдоо боюнча 4 фактыга тиешеси бар. 3-ноябрь күнү түнү менен алар бул үлгүдөгү автоунааны айдап качып кетишкен. 5-ноябрь күнү түнчүндө Сельпов көчөсүнөн дагы  айдап качып кеткен факты катталган. 5-ноябрь күнү таңында «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунааны Ак- Босого жаңы конушунан айдап качып кетишкен. Кармалгандар айдап качып кетишкен автоунаалардын айрымдарын жол кырсыгына учуратып, талкалашып, таштап кетип жүрүшкөн.

Автоунаалардын ичинен буюмдарды дагы уурдап кетишкендиги дагы белгилүү. Болжолдуу алдын ала маалыматтар боюнча акыркы айдап качып кетишкен автоунааны сатууну көздөшкөн.

Учурда бардык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>