Казакстандын Энергетика министрлиги 2026-жылга карата мунай өндүрүү болжолун 98 млн тоннага чейин төмөндөттүБУУнун Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгышта ок атууну токтотуу боюнча резолюциянын долбоорун четке кактыКыргызстан ЕАЭБде LED лампаларын импорттоого 5%дык алымды кайтарууну сунуштоодоБилет алып берем деп, жарандарды 15 млн сомго алдаган. Лейлекте шектүү жаран кармалдыАлтай мамлекеттик университети Алтай түрктөрүнүн эрте орто кылымдагы эстеликтеринин төртүнчү каталогун чыгардыБишкекте Мамлекеттик башкаруунун жогорку мектеби ачылат
Бишкекте бир жумада 6 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды
01.02.2022 | 12:35
Бир жума ичинде Бишкек шаарында 6431 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 68 айдоочу мас абалында унаа башкарса, 16 унааны тонировка менен, 39 айдоочулук күбөлүгү жок токтотулган, 86 айдоочу унааны каттоо тартибин бузгандыгы үчүн жана 6 миң башка эреже бузуулар менен катталган.
Ошондой эле 208 жөө жүрүүчү жана велосипедчендерге айып пул салынды.
Патрулдук милициянын кызматкерлери жарандардан өздөрүнүн коопсуздугу үчүн жол эрежесин так сактоону суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом