Бишкек шаарында бир жуманын ичинде 61 кылмыш жана жоруктун бети ачылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада ээнбаштык менен үй-бүлөлүк зомбулук көп катталган.
Алар төмөнкүдөй:
- Уурдоо — 2;
- Ээнбаштык — 31;
- Зордуктоо — 2;
- Үй-бүлөлүк зомбулук — 17;
- башка кылмыш жана жоруктар — 7.
Мындан сырткары, бир жума аралыгында шаардык милициянын “102” кызматына 1 миң 450 чалуу келип түшкөн.