Ошто 6 адам бараткан унаа жардан кулап, ымыркай каза тапты

Ошто 6 адам бараткан унаа жардан кулап, ымыркай каза тапты

21-март күнү Ош шаарында жеңил унаа сайга кулап, 1,5 айлык ымыркай каза болду. Бул тууралуу айрым басылмалар өздүк булактарына таянуу менен жазышууда.

Маалыматка таянсак, кырсык Тюльпан дачасында болгон. Анда “Тико” үлгүсүндөгү унаа ичиндеги 6 адам менен 150 метр ылдый сайга кулаган. Унанын ичинде чоңдордон үчөө жана 3 жаш бала болгон.

6 адам ооруканага кайрылган. Алардын ичинен үчөө жаш балдар болгондуктан Ош облустар аралык бириккен клиникалык бадар ооруканасына жөнөтүлгөн. Учурда чоңдордун экөө нейрохирургия бөлүмүндө, бирөө травматология бөлүмүндө дарыланып жатканы айтылат.

Ош облустар аралык балдар ооруканасынан 21-мартта 21:00дө 3 бала ооруканага келип түшкөнүнүн билдирген. Алардын бирөөсү жеңил жаракат алса, экөө нейрохирургия бөлүмүнө которулуп, бирөөсү чарчап калган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>