Корея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду6-мартка карата аба ырайыКыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйт
Бишкекте биринчи диагональ жөө өтмөк пайда болду (видео)
01.05.2024 | 11:20
Бишкекте биринчи диагональ жөө өтмөк пайда болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Аталган жол чийин Чүй менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишине түшүрүлдү. Жакында ушундай эле өтмөк Чүй менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде пайда болот. Азырынча диагональ жол чийин сыноо иретинде киргизилүүдө.
Бул кайчылаш жөө өтмөктүн башкаларынан айырмачылыгы, унаалардын баары бир убакта көчөнүн кесилишинде кыймылын токтотуп, жөө адамдар жолду бардык тараптан, анын ичинде диагоналынан кесип өтө алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом