Бишкекте эртеңден тарта №56 жаңы автобус каттамы ишке кирет

Бишкекте эртеңден тарта №56 жаңы автобус каттамы ишке кирет

Бишкек шаарында 25-январдан тарта №56 жаңы автобус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана экологиялык жактан таза транспорт түрүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик-Баатыр, Жибек-Жолу, Ч.Айтматов проспекттерин камтыйт. Анын узундугу 24 км, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 10 мүнөттү түзөт. Каттамда 25 автобус кызмат көрсөтөт. Аталган каттам №55 маршруттун карама-каршы багыты боюнча жүрөт.

Белгилей кетсек, буга чейин мэрия Бишкекти чоң унаалар менен айланып жүрүүсүн, анын ичинде перпендикуляр кыймылды камсыз кылган бир нече чакан шакекчелерди жасоону пландаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>