Бишкекте Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

Бишкекте Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

Бишкек шаарынын аймагында жашыруун сабактарды өткөрүп, үгүттөө иштерин жүргүзгөн Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук милициясына Бишкектин Гатчин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде аялдар жааматы тыюу салынган Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик уюмуна таандык идеологияны жайылтып, мүчөлөрдү топтоп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (эктремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөөнүн жыйынтыгында, жогоруда аталган даректеги үйлөрдүн биринде 30 жаштагы Р.Б., аттуу жаран аялдар тобуна жашыруун диний сабактар өткөрүлүп жаткандыгы аныкталган.

Ленин райондук сотунун токтомуна ылайык, көрсөтүлгөн даректе тинтүү жүргүзүлүп, экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды камтыган уюлдук байланыштар, СД-дисктер, көптөгөн китепчелер жана дептерлер табылган.

Ошондой эле аталган диний экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү жана экстремисттик материалдарды даярдап, таратып, жашыруун сабактарды өткөрүп үгүттөө иштерин жүргүзгөн 30 жаштагы Р.Б., 29 жаштагы Д.К., 36 жаштагы И.К. жана 44 жаштагы К.Н., тергөө кызматына жеткирилишкен.

Алынган буюмдарга тийиштүү экспертизалар дайындалган. Азыркы бул уюмдун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам иш чаралары улантылып жатканы айтылды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>