Баткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алыштыБакыт Төрөбаев «Агрокуш» канаттуулар комплексин кеңейтүү пландары менен тааныштыЦумдун жанында, мурунку фонтандын ордуна курулуп жаткан объект буздурулууда
Бишкекте KIA үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн кызды сүзүп кетти – видео
18.05.2022 | 11:55
Бишкекте KIA үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден шаар тургунун сүзүп кетти. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынан билдиришти.
Окуя кечээ, 17-майында болжол менен саат 08:00 чамасында 1988-жылы туулган М.М. атуу айдоочу “Kia K5” үлгүсүндөгү авто унаасы менен Сүйөркулов көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, №17 орто мектептин тушунан жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан кызды сүзүп алган.
Натыйжада 2005-жылы туулган Н.К. аттуу жөө жүргүнчү жабыркап №3-балдар ооруканасына жеткирилген.
Ал эми авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тийштүү экпертизалар дайындалып, айдоочусуна карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом