Тоолордо кар жаап, шамал катуулайт: 4-октябрга карата аба ырайыОрусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдү
Бишкекте KIA үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн кызды сүзүп кетти – видео
18.05.2022 | 11:55
Бишкекте KIA үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден шаар тургунун сүзүп кетти. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынан билдиришти.
Окуя кечээ, 17-майында болжол менен саат 08:00 чамасында 1988-жылы туулган М.М. атуу айдоочу “Kia K5” үлгүсүндөгү авто унаасы менен Сүйөркулов көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, №17 орто мектептин тушунан жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан кызды сүзүп алган.
Натыйжада 2005-жылы туулган Н.К. аттуу жөө жүргүнчү жабыркап №3-балдар ооруканасына жеткирилген.
Ал эми авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тийштүү экпертизалар дайындалып, айдоочусуна карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом