Өрт өчүрүүчүлөрдүн айлыгы канча экени айтылды

Өрт өчүрүүчүлөрдүн айлыгы канча экени айтылды

Бүгүн,18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору каралып жатканда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан  депутат Мейкинбек Абдалиев райондордогу өрт өчүрүүчү кызматкерлердин айлык маянасы канча экендигин сурады.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов айлык маяна экиге бөлүнөрүн айтты.

“Райондордо аскер кызматкерлери жана өрт өчүрүүчү кызматкерлер болуп экиге бөлүнөт. Өрт өчүрүүчүлөрдүн минималдык маянасы 6500 сом, ага тамак аш жана башкалар үчүн кошумча каражат бөлүнүп, жалпы 11 миң сом болот. Ал эми аскер кызматкерлерине 12 миң сомдон жогору айлык берилет”, — деди ал.

Ал эми депутат бул маяна абдан аз экендигин жана кызматкерлер өз өмүрүн тобокелге салып, иштеп жүрүшкөнүн айтып, айлыкты көтөрүү керектигин белгиледи.

Урматбек Шамырканов учурда бул боюнча Каржы министрлиги ишти алып барып жатканын белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>