Мыйзамсыз курулуп жаткан: Манаста 14 кабаттуу имараттын курулушу токтотулдуКыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү 880 млрд сомго жетти — ЕӨБТатарстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жаран каза болдуМыктыбек Оролбай тарыхый рекорд жаратып, UFCде үчүнчү жеңишине жетишти17-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөтӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн
Бишкекте кичи автобус оодарылып жүргүнчүлөр жабыркады
28.07.2022 | 10:33
Бишкекте жүргүнчүлөрү бар кичи автобус оодарылып кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Белгиленгендей, бүгүн, 28-июлда саат 07:40 чамасында Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүндө солго бурулганда жүргүнчүлөрдү ташыган №105 кичи автобус Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен кичи автобустун төрт жүргүнчүсү жабыркаган. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом