«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы Кара-Жыгач токоюнун аймагындагы Комсомол көлүн реконструкциялоо иштери аяктап жаткандыгына байланыштуу куткаруучуларды ишке чакырат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Жумушка орношууну каалагандар төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
— чөгүп бара жаткан адамга жардам, аны суудан чыгаруу, аны кармагандан бошотуу ыкмалары, сүйрөө жана биринчи жардам көрсөтүү ыкмалары;
— сууда сүзүү;
— куткаруучу жабдууларды колдонуу эрежелерин;
— куткаруучу кайыкты башкаруу.
Кызматтык милдеттери:
— куткаруу постунда нөөмөт;
— сууда кырсыкка кабылган адамдарга токтоосуз жардам көрсөтүү;
— суу кемелерин жана куткаруучу техниканы аракетке даяр абалда кармоо;
— нөөмөттү кабыл алуу жана тапшыруу;
— кырсыктар жөнүндө отчеттордун журналын жана китебин жүргүзүү.
Вакансия тууралуу толук маалыматты Бишкек шаары, Ташкент көчөсү, 17 дареги боюнча саат 8:00дөн 17:00гө чейин же 0312 37 53 30 телефону аркылуу алса болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз