Бишкектеги «Аска-Таш» комплексинде фонтандар оңдолуп, көрктөндүрүү иштери жүрүүдөТалас шаарында жаңы Сот адилеттик үйү курулатКыргызстанда жаш балдар үчүн кыргыз тилдүү «Нуркидс» платформасы иштелип чыктыИран ЕАЭБ өлкөлөрүн көз карандысыз финансы тутумун түзүүгө чакырдыБишкекте жеке турак үй өрттөндүКыргызстанда салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Эмнелер өзгөрдү?
Эртең жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру башталат
14.07.2024 | 12:10
2024-2025-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 15-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, кабыл алуу 5 тур менен өтөт. Биринчи тур 15–20-июль күндөрү болот.
1) сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо – 15-17-июль,
2) сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 17-июль саат 14:00,
3) окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу – 18-июль саат 10:00гө чейин,
4) абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу – 18-20-июль саат 16:00гө чейин.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар