Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Бишкекте кыз кишини тоноп кеткен шектүү кармалды
13.02.2024 | 11:03
Бишкекте тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-январда Улан-2 кичи районунда белгисиз жаран кыз кишинин 50 миң сомдук iPhone 13 pro телефонун тартып алган. Бул боюнча телефонун тоноткон кыз милицияга кайрылган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 22 жаштагы Х.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0(557) 90 90 27, 0(709) 08 03 10 же 102 номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.