Нарында 9 кабаттуу турак жай комплексин салуу пландалууда

Нарында 9 кабаттуу турак жай комплексин салуу пландалууда

Нарын шаарында “Теңир Тоо сити” турак жай комплексин куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Белгилүү болгондой, аталган турак жай комплекси облус башчысы Алтынбек Эргешов демилгелеген «Нарын — реновация» долбоорунун алкагында салынат.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, Нарын калаасында жер тартыш болгондуктан, шаарды бийигинен өстүрүү учур талабы. Мындан улам “Теңир Тоо ситини” шаардын Городок аймагына салуу пландалууда. Ал үчүн Городок аймагындагы Гидрометеоборбордун 1,6 гектар жери бөлүнүп берилет. Турак жай комплекс 9 кабаттуу болгон 6 блоктон турат.

“Турак жайдын 1-2-кабатына административдик жана коммерциялык имараттар жайгашат. Элге зарыл болгон 20 тейлөө мекемесин ушул имаратка жайгаштыруу менен калкка бирдиктүү терезе аркылуу сапаттуу тейлөө жүргүзүү жолго коюлат. Эң негизгиси калкты ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Учурда каражат булактары каралууда”, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>