ЖОЖго тапшыра тургандар кыргыз тилинен тест тапшырууга милдеттендирилди

ЖОЖго тапшыра тургандар кыргыз тилинен тест тапшырууга милдеттендирилди

Кыргызстанда жогорку окуу жайга тапшырууну каалаган абитуриенттер мамлекеттик тил (кыргыз тили) боюнча тест тапшырууга милдеттендирилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрук 7-февралда чыккан. Ага ылайык Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен окууга тапшыра турган абитуриенттер ЖРТны кайсы тилде тапшырганына карабай, мамлекеттик тил боюнча өзүнчө тест тапшырышы керек болот. Ал абитуриенттин мамлекеттик тилди канчалык жакшы билерин аныктоо үчүн жасалып, жогорку окууга тапшыруудагы сынактын жыйынтыгына таасир этпейт. Тактап айтканда, абитуриент кыргыз тили боюнча тестти начар тапшырса да окууга өтө алат. Ал эми мамлекеттик тил боюнча тест тапшырбагандарга ЖРТнын жыйынтыгы берилбейт.

Мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыгы ЖРТнын негизги жана предметтик тесттеринин жыйынтыгы менен бирге берилет.

Аталган тартип былтыр 2023-жылы 7-августта кабыл алынган “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык киргизилүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>